7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас абалында унаа башкаргандарга жаза күчөтүлөт

759

Мас абалында унаа башкаргандарга жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Жаңы кодекске ылайык, бир жылдын ичинде дагы кайталанган мас абалында автоунаа башкарган айдоочуга 20 миң өлчөмүндө айып салынат, же 40 саатка коомдук жумушка тартылат, же үчтөн беш суткага чейин камакка алынат.

193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү:

  • Алкоголь, баӊгизат, психотроптук жана башка маӊ кылуучу заттар менен мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет;
  • Айдоочунун жана транспорт каражатын башкарган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу – жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келет;
  • Алкоголдук, баӊгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорт каражатын башкаруусуна мындай транспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун, же болбосо ээсинин мас абалындагы адамдын, же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамдын башкаруусуна берүүсү, – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндайып пул салууга алып келет;
  • Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирсе, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет;
  • Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жосун бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга алып келет.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760