Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад шаарындагы «Эркиндик» аянтына бийиктиги 27 метр болгон жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балатыны жасалгалоо, шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 612 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жаңы жылдык балаты 15-декабрда жандырылат.