7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нью-Йоркто 8 километр гирлянда тагылган башкы балаты жандырылды

847

Нью-Йоркто өлкөнүн башкы балатысы жандырылды. Ал шаардагы эң бийик асман тиреген имараттардын бири — Рокфеллер борборунун жанында орнотулган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 85 жылдык балатынын жандыруу аземине ырчылар, актёрлор жана журналисттер катышышты. Балатынын бийиктиги 24 метр, салмагы 12 тонна.

Гирлянданын узундугу 8 километр жана 50 миң түркүн түстүү лампалар менен кооздолгон. Аны балатыга тагуу үчүн жумушчуларга эки жумадай убакыт кеткен. Ал эми үстүндөгү Swarovski жылдызында 3 миллион кристалл менен капталган 70 тикен бар. Анын жарыгы 6-январда өчүрүлөт.

Нью-Йорктун борборуна жаңы жылдык балаты отургузуу салты 1930-жылдардын башында пайда болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848