7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров депутаттарга кеткен чыгымдарды азайтты

562

Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын максаты — республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү.

— Жогорку Кеңештин Төрагасынын кызматтык оклады 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;

— Вице-спикерлер – 27 миң сом:

— парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына — 26 миң сом:

— депутаттарга — 25 миң сом.

«Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты — мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт. Механизмди “Мамлекет каражатына карап иш кылыш керек” деген жалпыга маалым принцип менен мүнөздөсө болот. Башкача айтканда, мамлекеттик аппаратты кармаш үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөө. Механизм ар кыл өлкөлөрдө татаал экономикалык реформаларды өткөрүү мезгилинде ар дайым ийгилик менен колдонулуп келген. “Чамаңа чактап иш кыл” урааны алдында Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европанын өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү өткөн.

Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563