7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда өткөн музыкалык сынакта кыргыз кызы биринчи орунду алды

825

5-класстын окуучусу Түркияда өткөн музыкалык сынакта биринчи орунду алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы «Профессор П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынын» 5-классынын окуучусу Дарига Тайлакбаева Түркиянын Адана шаарында өткөн «Yurt Сağdaş Kültür ve Sanat» аттуу онлайн музыкалык сынагында биринчи орунду багындырды.

Жеңүүчүнү мэр Алмаз Мамбетов кабыл алып, жетишкендиги менен куттуктады.

Белгилей кетсек, эми аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана шаардагы мектептердин активдүү 16 окуучусу «П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынан» акысыз билим ала алышат. Бул аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, мугалимдердин жана дарыгерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

826