7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас айдоочуларды 2 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда

429

Кыргызстанда мас абалында унаа айдаган жарандарды эки жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Азыркы мыйзам боюнча мас абалында унаа башкарганы үчүн жаран 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. ЖКККББ жазаны катаалыраак кылып, мас айдоочуларды 2 жылга, кийин ал жоругун дагы кайталаса 4 жылга күбөлүктөн ажыратууну сунуштоодо. Ошондой эле жарандан унаасы убактылуу алынат. Ал эми спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан айдоочуларга азыркы учурда 3 күндүк камака алуу колдонулуп жатса, талкууга чыгарылып жаткан мыйзам долбоорунда 2 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу каралып жатат.

Андан тышкары мыйзам долбоорунда айдоочулук күбөлүк ала элек туруп, же таптакыр унаа башкарууга укугу жок болуп, мас болуп алып унаа башкарган жарандарды 10 күнгө камакка алуу каралган. Азыр ал жаза 3 күндү түзөт. Ушул эле жорук үчүн жаш курагы 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптыгы бар адамдар, боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айыпка жыгылат.

430