Орусия банкы «Маша жана аюу» каармандакры чагылдырган монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусия банкы монеталардын эки түрүн чыгарган. 3 рубль номиналындагы күмүш монета — диаметри 39 мм, ошондой эле 25 рубль номиналындагы түссүз жана түстүү каптоочу негизги металлдардан — диаметри 27 мм.
«Монетада белгилүү орусиялык анимациялык сериалдын каармандары — Маша жана анын досу, мурдагы цирк артисти аюу тартылган. Алар аюунун үйүнүн бөлмөсүнүн фонунда турушат, ал жерде шайыр жана укмуштуу кыз оюнду жакшы көрөт», — деп монеталардын сүрөттөмөсүндө айтылган.