7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элди массалык башаламандык уюштурууга чакырган жаран кармалды

570

19-ноябрда массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды.

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу купуялык орнотуп алган, башкача айтканда, “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

571