Массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген «Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
1978-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны өзүнүн жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында купуялуулук жөндөөлөрүнө кайрылып, «Facebook» социалдык тармагынын фейк аккаунттарын колдонгон.
Кармалган жаран Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө. Ал эми аталган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн, мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.