7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык башаламандыкты уюштурууга шектүүлөр кармалды

316

Чүйдө массалык башаламандыкты даярдоого жана уюштурууга кам көрүп жаткандар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга өлкө аймагында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жаткан мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригишип, Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө дардык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты катталып, Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1978-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факт боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү жана Тилекмат Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган.

317