Анын айтымында, кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адам болгон.

Кечээ “Империя пиццанын” кафелеринен ролл жеп ууланган 12 адам тууралуу айтылган.

Бишкекте сушиден 12 жаран ууланып ооруканага жеткирилди