7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимов бир мандаттуу округдан шайлоого катышат. Дагы кимдер бар?

792

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка 92 талапкерден арыз түштү. Алардын арасында Бажы кызматынын экс-төрагасы Райым Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов дагы бар. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Анын арызында өзүн өзү көрсөтүү менен  №9 Кара-Суу округунан бара жатканы жазылат.

Буга чейин бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев, Райымберди Дүйшөмбиев, Алмазбек Баатырбеков, Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Райымкулов жана башкалар ат салышууга белсенип жатышкандыктары айтылып, БШКга арыз тапшырылган.

Жалпысынан арыз бергендердин арасынан экөө саясий партиянын атынан. «Альянс» аттуу саясий партиядан Ноокат округунан Алтынбек Сулайманов жана Чүй-Кемин округунан Тарыкбаев Алмаз көрсөтүлдү. Калгандары өзүн-өзү көрсөтүштү.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793