Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, жанындагы 4 контейнерге өткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн. Жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.