Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 44 киши жарадар болгон. Жер титирөө Индия, Пакистан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө да сезилген.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-мартта саат 22:47де жер силкинүүнүн очогу Ооганстандын аймагында катталып, күчү 8 баллга жеткен.