7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мечиттин жерин менчиктештирип алган дин кызматкери кармалды

286

Жалал-Абад шаарында мечитке тийиштүү жерди мыйзамсыз менчиктештирип алууга шектелип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын адиси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Анда 2016-жылы «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы, муфтияттын адиси жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы менен жең ичинен макулдашып, коррупциялык схема уюштурушканы белгиленген.

«Мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген 350 чарчы метр жер тилкеси менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң КМДБнын адиси Б.А.А. менчигине кайра каттоодон өткөрүп алган. Мында ачык сынак аркылуу сатып алуу уюштурулган эмес. Бул көрүнүш кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы айгинелейт», — деп айтылган билдирүүдө.

КМДБнын адиси атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, мечиттин мурдагы имамы жана мурдагы айыл өкмөт башчысы үй камагына алынды.

чсчси

Каттамдар замандын талабына жооп берген, ыңгайлуу учактарда аткарылат. «Asman Airlines» өлкө ичиндеги каттамдардын географиясын кеңейтип, Кыргызстан боюнча сапарларды тезирээк, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууну улантууда»,— деп айтылат маалыматта.

287