7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медет Садыркуловду буйрутма менен өлтүргөндөрдүн бири кармалды

1382

Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы М. Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. 2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1383