7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медициналык жана фармацевтикалык лицензия алуу санариптештирилди

145

Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия алуу процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Эми ишкерлер лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга барбай эле онлайн арыз берип, керектүү документтерди тапшырып, мамлекеттик төлөмдү жүргүзүп, арыздын каралышын көзөмөлдөй алышат.

Буга чейин лицензия алуу үчүн документтерди кагаз түрүндө тапшырып, айрыкча аймактардагы ишкерлер Бишкекке бир нече жолу келүүгө аргасыз болушкан.

Бул үчүн «Саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган.

Натыйжада лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6-15 күнгө чейин кыскарды.

Маалыматка ылайык, жыл сайын медициналык ишмердүүлүк боюнча болжол менен 450 лицензия жана ага тиркеме, ал эми фармацевтикалык ишмердүүлүк боюнча 900гө жакын лицензия берилет.

146