7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим алтын медалды кантип утту? (ВИДЕО)

1549

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалын багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Финалга чыкчу кармашууда кыргызстандык спортчу Россиядан келген Ханум Велиевага каршы чыкты. Биринин артынан бири упай топтоп келе жатып, россиялык спортчу алдыга озуп кетти. Бирок акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова чамданып, утуп алды.

Алтын үчүн күрөштө мекендешибиз япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасынды) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1550