7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерди коркутуп акча жана алтындарын тартып алган жаран кармалды

709

УКМК менен Базар-Коргон РИИБи биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү   “Малик” каймана аттуу “Ж.А.Э.”кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

“Ж.А.Э.”  зомбулук колдоном деп коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталган. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Бул факт Базар-Коргон РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710