7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ушул да шылтообу? Жунушалиев «жаңы автобустар айдоочу жок иштебей турат» -дейт

1684

Бишкекте коомдук транспорт айдоочулары 3 күн бою иш таптап, шаар тургундарын жөө калтырганы эч кимдин эсинен чыга элек болсо керек.  Жок, аныгыраагы элдин эсинен чыга элек, ал эми мэрия бул окуяны эртеси эле эстен чыгаргандыгын эске салабыз.

Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары жыл башынан бери эле 2 ирет иш таштады. Алар мунай кымбаттагандыктан, каттамдан пайда түшпөй жатканын айтып, жол акыны көтөрүү талабы менен алгач 18-январда иш таштаган. Мэрия айдоочулардын 45%ы ишке чыкпагандыгын тастыктаган болду. Ошол учурдагы мэр Балбак Түлөбаев, коомдук каттамды тейлеген жеке компаниялар менен сүйлөшүп, бул маселени шаардык кеңештин жаңы курамы шайланып келгенден кийин кароого коюуну убада кылган.

Бирок, шаардык кеңештин шайлоосу алгач жокко чыгып, кайра шайлоо өткүчө көп убакыт кетти.

Чыдамы түгөнгөн кичи автобус айдоочулары 2-июнда кайрадан иш таштап, бул ирет баардыгы чыкпай койду.  Ал учурда мэрия тургай, Өкмөт, Жогорку Кеңеш да бул маселени дароо чече албай, шаар тургундары 3 күн бою жөө калышкан.

Демилге ким тарабынан көтөрүлгөндүгү белгисиз, ортодон «Эко Пассажирское Перевозки» деген компания пайда болуп, өзүнүн каражатына Өзбекстандан чакан автобустарды алып келмек болду. Мэрия мурда каттамды аткарып жаткан жеке компаниялар менен келишимин бузуп, «Эко пассажирское Перевозки» компаниясына линияларды бермек болгон.

Аталган ишкана алгач 50 кичи автобус, андан соң газ менен иштеген чоң автобустарды, жалпы 350 техниканы 30-август Эгемендүүлүк майрамына чейин алып келүүнү убада кылган. Компания автоустарды бөлүп-бөлүп алып келүүдө, бирок көчөдөн биринчи келген кичиавтобустардан башкасы байкалбайт.

Бүгүн, шаар мэри Айбек Жунушулиев маалымат жыйын өткөрүп, агынан жарылды.

«Эко Пассажирское Перевозки» компаниясы алып келген 210 автобустун 80-90у гана рейске чыгып, калгандары айдоочунун жетишсиздигинен улам каттамга чыкпай жатат«-дейт.

Ошону менен бирге, 5 жылдан бери маршруткалардын саны 4136дан 1590го, автобустар 94төн 87ге чейин азайганын айткан. Айтоор, «Ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле» коомдук транспорт көйгөйү азарынча чечилбейт өндүү.

Албетте, даагы да үмүттөндүрүп, жакында баардык каттамдар кайра каралып чыгаарын айтышты. Бирок бул жакында качан экендиги белгисиз.

 Эске салсак, шаарында расмий түрдө 1 млн 88 миң 900 жаран жашайт.  Каттоосу жок жашаган тургундарды эске алсак, болжолдуу 1,5 млнго жакын тургуну бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1685