7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандык балбан финалга чыкса Конушбаев коло байге үчүн беттешет (ВИДЕО)

607

Кыргыз балбаны Сардарбек Конушбаев Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн килемге чыкты.

Маалыматка ылайык, ал 55 килограмм салмакта чейрек финалга чыгып, анда ал азербайжандык Эльданиз Азизли аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө атаандашы активдүү күрөш көрсөтпөгөнү үчүн калыс ага партер абалын берип, кыргыз балбанына бир упай ыйгарды. Андан кийин атаандашы 6 упай алууга жетишти. Биринчи бөлүк 6:1 эсебинде атаандаштын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө азербайжандык балбан дароо 4 упай алып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Азербайжандык балбан финалга чыга турган болсо кыргыз балбаны коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке катыша алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608