Бишкекте терезелерин атайын караңгылаткан 7 той кортежи кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен үч автоунаанын мамлекеттик номери жасалма болуп чыккан. Чүй жана Абрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде той кортеждери алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып жүргөн.
Текшерүүгө алган учурда, 7 автоунаа атайын алдыңкы жана каптал терезелери караңгылатканы аныкталган. Анын ичинен 3 автоунаанын мамлекеттик номуру жасалма номур, ал эми бир жол тандабастын мамлекеттик номуру такыр жок болгон.
7 автоунаага 5500 сомдон айып салынып, 4 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Ал эми жасалма номур менен жүргөн айдоочулар Свердлов жана Биринчи май райондук ИИББне андан ары чара көрүү үчүн жеткирилди.