Бүгүн, 7-октябрда Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Маалыматка ылайык, анда Дүйнө чемпиондугуна 72 килограмм салмакта катышкан Руслан Царёв 1/8 финалга чыгып, анда түркиялык Женгиз Арслан аттуу балбан менен кез келди.
Түркиялык балбан бир топ активдүү болуп, беттештин биринчи бөлүгүндө эле 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү түркиялык балбандан көз каранды болот.
Эскерте кетсек, Руслан Царёв алгачкы атаандашын 3:1 эсебинде жеңип алган.