Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери уланууда.
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Кайрат Түгөлбаев алгачкы жүрүшүндө эле азербайжандык Санан Сулейманы аттуу балбан менен кез келген.
Биринчи бөлүктө кыргыз балбаны активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс каршылашка бир упай берип, партер абалын койду. Учурдан пайдаланып Санан Сулейманы упай алып кетти.
Буга Кайрат Түгөлбаевдин машыктыруучусу нааразычылыгын билдирип, челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону карап, атаандашка дагы бир упай ыйгарды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 9:0 болуп, азербайжандык балбан мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.