Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталды.
Бешинчи күндүк мелдештер күрөштүн грек-рим түрү боюнча уланды. Анда Дүйнө чемпиондугуна 72 килограмм салмакта катышкан Руслан Царёв украиналык Максим Евтушенко аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Руслан Царёв күрөш көргөзгөнү үчүн 1 упай алып, калыс партер коюп берди. Бирок кыргыз балбаны аны аткара алган жок. Экинчи бөлүктө атаандаш активдүү болгону үчүн калыс 1 упай берип, партер койду. Аны украиналык балбан аткара алган жок. Андан кийин калыс дароо атаандашты партерге койду. Аны кыргыз балбаны ийгиликтүү аткарып, 2 упай алды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 3:1 болуп, Руслан Царёв 1/8 финалга чыкты. Финалда ал түркиялык Женгиз Арслан аттуу балбан менен кез келет.