Бишкекте жол талаша кеткен маршрутканын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, № 240 жана №104 маршурттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда жол кыймылынын башка катышуучуларынын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде тийиштүү протокол толтурушту.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жол талаша кеткен эки айдоочунун чырдашып жаткан видеосу тараган.