Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, четтетилип калган.
«Казакстандык каршылашым күрөшкөнгө эмес, мушташканга чыккан окшойт. Чыгып эле сүзүп баштады. 10-20 секунд өтпөй эле мурдумду сүздү. Берилген убакытта мурдумдун каны токтобой койду. 4 мүнөттөй канады. Берилген убакыт бүткөндөн кийин беттешке уруксат берилбейт экен»- деди Мээрим Жуманазарова.
Ал эми атаандашы казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип, «Бул деген күрөш, мен медалды ага берүүгө даяр эмес элем, ошондуктан болгон күчүм менен күрөштүм» — деген.