Бишкек шаарында өтүп жаткан рейтингдик мелдеште Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Балбан кыз эркин күрөш боюнча 68 кг салмак категориясында күч сынашып жатат.
Жуманазарова 1/4 финалда казакстандык Улена Шалыгина менен күрөштү. 1:1 эсебинде жыйынтыкталган жеңиш Жуманазаровага ыйгарылды.
Эскерте кетсек, Казакстанда өткөн Азия чемпионатында Мээрим менен Улена коло медаль үчүн күрөшкөн. Бирок, ал беттеште казакстандык спортчу Жуманазарованы мурдуна сүзгөн. Мурдунун канаганы токтобогондуктан улам жеңиш казакстандык спортчуга берилген.