2-июнга караган түнү Ош шаарынын Озгур айылында жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Айдоочу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жол боюндагы каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.
Алар:
— 2006-жылы туулган Т.Б., Озгур айылынын тургуну, Кара-Суу районунун «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал рулда болгон;
— 2008-жылы туулган Т.К., Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу;
— 2008-жылы туулган К.Н., мектеп окуучусу. Ноокат районунун тургуну. Ал каза болгон айдоочунун үйүнө конокко келген.
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, айдоочу атасына таандык болгон унааны үйдөн уруксатыз айдап чыккан.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери башталды.