Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.