7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарованын сиңдиси коло байге утту

1210

Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Жуманазарова 55 кг салмакта алгач швециялык спортчуну утуп, чейрек финалга өткөн. Анда мекендешибиз 1:2 эсебинде италиялык спортчуга утулуп калган. Бирок италиялык кыз мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жуманазарова көңүл жубатарлык беттеш өткөрүүгө мүмкүндүк алган.

Бул кармашта кыргызстандык спортчу 15:4 эсебинде шри-ланкалык кызды жеңип, коло үчүн күрөшүүгө чыкты. Үчүнчү орун үчүн күрөштө Жуманазарова польшалык Ева Патрисияны 9:4 эсебинде жеңип алды.

Сезим Жуманазарованын эжеси Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.

Эскерте кетсек, Калмира Билимбек кызы (55 кг) аталган чемпионатта күмүш медаль жеңген. Ал эми Мухаммад Абдуллаев жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1211