21-августка карата коронавирустан дагы беш бейтап каза болуп, 492 бейтап илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Акыркы бир суткада 248 адамдан жаңы учур аныкталган.
- Бишкек шаарында – 121,
- Ош шаарында – 1,
- Чүй облусунда – 51,
- Ош облусунда – 6,
- Талас облусунда – 6,
- Нарын облусунда – 9,
- Ысык-Көл облусунда – 25,
- Жалал-Абад облусунда – 13,
- Баткен облусу — 16.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 451 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 467 адам дарыланууда.
Акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциясына каршы 23 миң 820 адам эмдөөдөн өткөн. Өлкө боюнча жалпы 630 миң 230 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 339 миң 996 жаран экинчи компоненти менен эмделди.