Адабий айдың:»Укпадыңбы?»
Аллоо… Мырзайым сенсиңби? Өзүңсүңбү?
Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү…
Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой,
Дарегиңде кайра Б….. көрүнсүнбү?
-Деди дагы сөздөрүн улай берди,
Угуп жаттым, кечирим сурай берди.
Нелерди тиленчү элек деген сайын,
Негедир жашым уюп кулай берди.
Өкүндүм өзүңсүз айларыма,
Өзүмдү тапшырайын кайра мына.
Эреркеп кыялданып олтурамын,
Эмне белек кылсам деп майрамыңа
Кечирим бер экинчи ката кылбайм,
Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм.
Жибип койчу суранам акын кызым,
Жигиттик сөзүм-эми капа кылбайм.
Аллоо… Мырзайым, сүйлөйсүңбү?
Сезимдери жаралуу бир жигитмин,
Сенсиз жашаш кандай оор билбейсиңби?
Эх… Үмүт үзбөй жашаган күдөрүңдөн,
Үйрөндүңбү көп сабак күмөнүңдөн.
Кайра мени тызылдап издеттирген…
Кайран сенин, кабарсыз жүрөгүңдөн!..
Буга чейин, кайда элең?.. Укпадыңбы?
Таарынтып, эч мөөрөй утпадыңбы?
“Мээримиңди сагындым-деп чалыптырсың,
Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы?
Автор: Мырзайым Айтимбетова.