Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери менен шектелип кармалган 28 жаштагы Р.У. аттуу жигит кийип жүргөн футболкасына асынып алган.
“Нөөмөттө турган кызматкер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган”, — деп айтылат билдирүүдө
Милициянын ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.