Бүгүн, 19-августта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында Жогорку Кеңештин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды.
Чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган. Мейкинбек Абдалиев депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазган.
“Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.