Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулук үчүн баалар өзгөрүлдү, бирок карапайым калк үчүн эмес, мекеме-ишканаларга гана көтөрүлдү. Ишкер Токтогул Сагынбай Жалал-Абад шаарындагы электр энергиясын эң көп талап кылган өндүрүштүк компанияны жетектейт. Айтымында Жалал-Абад электрого бир айда эле 2 миллион сом төлөшөт. Мындан улам, кийинки айдан тарта компания иштеп чыгарган курулуш материалдарынын баасын да көтөрүүнү пландап жатат.
“Буга чейин 2 миллион сомго жакын каражат төгүп келчүбүз, эми 4 миллионго чамалап кетиши ыктымал. Анткени сайттарда 17 тыйын деген менен кошумча салыктарды эске алганда көбөйүп кетет. Албетте бул биз иштеп чыгарган курулуш материалдарынын бааларына таасирин тийгизет. Экинчи тараптан биздин заводко буга чейин шаар бийлиги көмүр иштетүүгө уруксат беришкен эмес, эми аргасыздан көмүр иштетет окшойбуз, ошондо баалар көтөрүлбөй альтернативдүү жолу болмок”.
Энергетика жана өнөр-жай министрилиги баалар көтөрүлбөсө тармактан ажырап калуу коркунучу бар экенин айтууда. Тармактын 80% эскилиги жеткен абалда тургандыктан толук реформалоого жана жаңылоого муктаж. Мекеме-уюмдардын жана ишканалардын электр энергиясына бааны көтөрүү менен өкмөт жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. сом кошумча киреше түшөөрүн пландоодо. Ал каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөк чордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.
Жогорулатуу төмөнкү категорияларга тийиштүү:
- тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.
- насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт/сааты 1.09 сомду түзүп, 31.6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
- бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт/саатына 2.52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
- майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору.
- социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6.3%ды түзөт.
Диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер салыктарды эске албаганда 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде белгиленип, 56 тыйынга төмөндөтүлгөн. Ал эми тоолу катаал шартта жашаган карапайым элдер үчүн электрдин баасы тескерисинче төмөндөдү десек болот. Себеби мурдагы чектөө алынып салынды. Башкача айтканда 700 кВт/сааттан жогору иштетилсе да 0.77 тыйындан эсептеле берет.
Эксперттер энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн электр кубатынын баасын көтөрүү — учурдун талабы экенин айтышат.
“Электр энергиясына болгон баалар алда качан көтөрүлүшү керек болчу. Анткени тармактын миллиондогон карыздары бар. Ал карыздар чет өлкодон кымбат баага сатып алып, элге арзан саткандан келип чыккан айырма. Мындан улам, тармакты өнүктүрүу үчүн элдердин социалдык абалына карай аз-аздан көтөрүү туура жол. Бизде электр энергиясынын баасын саясатка айландырып алышкан, саясий кызыкчылык упай топтоону көздөшөт. Бирок бул жол энергетика тармагын кризиске кептеп келет” – дейт Экономика илимдеринин канидидаты, доцент Эрлан Камалов.
Кыргызстанда жакыр жашаган 200 миң үй-булөгө электр энергиясынын баасын төмөндөтүп, калган абоненттер үчүн көтөрүү сунушу айтылган. Бирок ал ишке ашкан жок. Кайрадан иштелип чыгып, карапайым элдер үчүн баалар өзгөрүүсүз калып, бизнес коомчулугуна гана көтөрүү чечими кабыл алынды.