7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мекенин таштап, тынчтык издеп качкан оогандыктар БУУну тынчсыздандырууда

652

БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Ооганстандан качкан жарандардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына чочулоодо. Бул тууралуу “БУУ Жаңылыктары” булагы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айынан тарта өз үйүн таштап кеткен оогадыктардын саны 270 миңди түзгөн. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөдөгү ички качкындардын жалпы саны 3,5 миллионго жетти. Акыркы күндөрү Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы начарлап бара жатканы байкалгандыктан, көптөгөн  үй-бүлөлөр коопсуздукту издеп кетүүдөн башка арга таба албай калышкан. Аларды күн сайын кайталанган куралдуу кагылышуулар, мамлекеттик эмес куралдуу топтордун опузалап акча талап кылгандары жана жолдордогу жарылган жардыргыч заттар ушул абалга кептегени айтылат.

БУУ өлкөдөгү ички кагылышуу, зордук-зомбулукка тез арада чара көрбөсө, жарандардын журт которуп коңшу өлкөлөргө көчүп кетүү коркунучу бар экендигин эскертти. Качкындардын 90 пайызга жакыны Иран менен Пакистанга качышкан. Эки өлкө тең аларга камкордук көрсөтүшүп, билим берүү жана медицина тармагынан жардам көрсөтүшүүдө.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкөдө учурда гуманитардык ресурстардын жетишсиздиги байкалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653