7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: 19-июлдагы жумушчу күн 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат

808

19-июлдагы жумушчу күн 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Ал эми тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Натыйжада, 2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат.

Белгилей кетсек, республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс ала алышат.

Жумасында беш күндүк иш графиги менен иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

809