7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мерсико уюму 400 мектепти ашкана жабдуулары менен камсыздап берет

776
1-октябрдан тартып АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Мерсико уюму тарабынан ишке ашырылуучу балдардын билими жана азыгы үчүн Мак-Говерн-Доулдун жаңы 5 жылдык программасы старт алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Программа Кыргыз Республикасындагы мектеп азыгын оптималдаштыруу боюнча ишти аткарууга колдоо көрсөтөт.
400 мектептеги азык-түлүктөрдү кайтарымсыз бөлүштүрүүнү, мектептердин инфраструктурасын жакшыртууну жана мектеп ашканасын жабдуулар менен камсыздоону, башталгыч класстардын мугалимдеринин, ашпозчулардын жана мектептерде тамактанууну уюштурууга, башталгыч класстардын окуучулары үчүн мектеп китепканасына жана коомдук китепканага китептерди өткөрүп берүүгө, ошондой эле мектептердин астындагы бакчаларды уюштурууга жооптуу адамдардын техникалык потенциалын жогорулатууну пландап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

777