7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептеги зомбулукка байланыштуу Караколдогу ички иштер жана билим берүү кызматкерлери жазаланды

16

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында ички иштер жана билим берүү кызматкерлери милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жазаланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге шаардагы №7 мектептеги ата-энелер комитетинин өкүлү зордук-зомблук тыйылбай жатканы тууралуу кайрылган жана бул арыздын негизинде териштирүү жүргүзүлгөн.

«Тергөөдө тиешелүү мамлекеттик органдар өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу иштерин жетиштүү жүргүзбөй, жаш муунду тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги койгон милдетти аткарбай жатканы аныкталган. Буга байланыштуу Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору кызматтан алынды.

Ошондой эле аталган мектептин жогорку класстарынын айрым окуучулары милициянын атайын каттоосуна коюлду. Андан сырткары тиешелүү министрлик-мекемелерге мындай окуялардын алдын алуу чараларын, пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Октябрь айында аталган шаардагы №2 мектепте майып балага жасалган зомбулукка байланыштуу мектеп директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилген.

17