7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө кум-шагыл аралашмаларын мыйзамсыз берген аким кармалды

238

Чүйдө кум-шагыл аралашмаларын мыйзамсыз берген аким кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда УКМК кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү жолу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т. кармаган.

Тактап айтканда, Т.Р.Т. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.

Мындан тышкары, Чүй районунун акими Т.Р.Т. айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген.

2025-жылдын 16-декабрында жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Чүй районунун азыркы акими Т.Р.Т. КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

239