7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген окуучу кармалды

709

Коюлган бомбалар тууралуу жалган маалымат тараткан автор аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган “телефон террористи” аныкталды. Ал мектептердин биринин 9-классынын жашы жете элек окуучусу А.А.А. болуп чыкты, ал бейбаштык кылып Бишкек шаарнын гимназия мектебинин электрондук дарегине “abelozerov5151@inbox.ru” фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

Ал өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

Анын жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда анын эки мыйзамсыз аракетин, жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөөрүн айтты.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына А.А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

УКМК мындай аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо — бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалана турганын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710