Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элин майрамы менен куттуктады.
Садыр Жапаровдун куттуктоосунда айтылган маңыздуу маселелер:
- «Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык»
- “Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык”
- «Өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири — бизнес жана Инвестициялар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү экендигин баса белгилегим келет»
- «Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз»
- «Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу билим алууга, татыктуу жашоого 5 жыл ичинде жеткиребиз»
- «Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо – жакынкы максатыбыз»
- «15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт»
- Чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт»