Сен! Мен! Ал! Баткенге кантип жардам бере алабыз? Эң жөнөкөй сунуш.
Журналист Гүлжан Алтымышбаева «Баткен элин колдоо үчүн ар бир жарандын колунан келе турган жардам- бул Баткенден өндүрүлгөн азык-заттарды көбүрөөк сатып алуу»,- дейт.
1.Баткендик ишкерлерди, фермерлерди колдоп:
2. Базар, маркет, дүкөндөрдөгү соода текчелеринен Баткенде өндүрүлгөн күрүчтү гана сатып алалы (Индия, Кытай, Россия эмес!!!)
3. Баткендин кургатылган мөмө-жемиштерин сатып алалы (балдарга чипсы, кириешка эмес!!!)
4. Баткендиктер жасаган куруттурдын түрүн , маринаддалган өрүк -куруттарын алалы
5. Баткендик ууз-айымдар тиккен шырдак, таар, килемдерди сатып алалы апалар тигип үлгүрбөй калышсын! (Ансыз да аш, той, белекке кытай,турция, иран килемдерин алабыз, патриот бололу)
6. Кол өнөрчүлөрү, зергерлери жасаган буюмдарды алалы.
7. Баткенге эс алганы, саякаттап жер көрүп барып туралы ( ансыз да көрө электер көп)
8. Тигүү тармагындагылар баткендиктерге арзан баада соода сатык кылгыла бонус бергиле
9. ТВ, радио, сайттар- акысыз Баткен брендин,туристтик жайларын жарнамалап берели
10. Инвесторлор ишкерлерди колдогула!
Мамлекетти карабай ар бирибиз жардам кылалы!
Баткен өнүгүп, эли бай жашаса эч жака көчпөйт, ансыз да баатыр эл.