Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган жайлар туурасында акыркы маалыматтарды брифингде кабарлады.
1-май саат 20:30га карата алынган маалыматка ылайык облус аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.
Анын ичинен Баткен районунда 30 турак уй, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 2 мектеп, 2 чек ара заставасынын имараты, 1 бала бакча, ал эми Лейлек районунда 48 турак үй, 1 чек ара заставасынын имараты, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган”, — дейт ал.
Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 178 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.
Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.