Баткенде тажиктер тарабынан барымтага алынган 10 жарадын бешөө ооруканага жаткырылды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Алиса Солтонбекова бүгүн, 2-май саат 11 :00дөгү брифингде билдирди.
Эске салсак, 29-апрелде эрте менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.
Алар Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп, ур токмоко алынгандыгы далилденген.
Анын негизинде бешөө ооруканага ден соолугун чыңдоо үчүн жаткырылган.