Баткен облусунун кыргыз-тажик чек аралаш аймактарындагы кагылышуудан жабыркаган медицина кызматкеринин өздүгү такталды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Алиса Солтонбекова 2- май саат 11:00дөгү брифингде айткан маалыматына ылайык, жаракат алган медицина кызматкери фельдшер Бурканалы уулу Ашыраалы башына сокку алган.
Учурда дарыгердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу жакшы.
2-майга карата жабыркагандардын саны 178ге жетти. 33 адам каза болгон.
Бишкекте которулган бейтаптардын ичинен 1 жарандын өтө оор. 6 бейтап орто оор абалда.