7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Менчиктештирилип кеткен бала бакча жана спорт зал мамлекетке өттү

210

Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон.

Коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы менен агасынын атына каттатып алган.

Мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылып, пайдаланганын моюнга алып, аларды өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

211