7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Менчиктештирилип кеткен «Орленок» балдар лагери мамлекетке өттү

372

Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген «Орленок » балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан «Орленок» балдар лагерин жеке колго мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн. Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

373