Кыргызстандык окуучулар Менделеев олимпиадасынан күмүш, коло байге утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, химия боюнча эл аралык ири жарыш онлайн форматта өтүп, жалпы 25 мамлекеттен окуучулар катышып, күч сынашкан.
“Кыргызстандык окуучулар химия предмети боюнча 55 эл аралык Менделеев олимпиадасынан эки медаль утушту.Македониядагы математика олимпиадасында кыргыз окуучулары 3 медаль алышты. Анын жыйынтыгы менен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган. Ал эми №61 физика-математикалык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Надежда Одрина коло байгеге жетишкен”,- деп берилет маалыматта.
Эскертте кетсек, буга чейин 20-26-апрель күндөрү онлайн форматта өткөн олимпиадага кыргызстандан төрт окуучу катышары айтылган.